Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Баткендин экс-мэри Мамыржан Рахимов жаңы кызматка дайындалды
19.05.2022 | 15:27
Рахимов Мамыржан Тойчиевич президенттин Баткен облусундагы чек ара айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды.
Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койду.
Мамыржан Рахимов Баткен айылында 1968-жылы туулган.
Эмгек жолу:
- 2003-2008-жылдары — Баткен облустук администрациясындагы “Баткентранс” муниципалдык ишканасында темир уста;
- 2008-2017-жылдары — “Автоэнергоснаб” ЖЧКнын директору;
- 2012-2017-жылдары — Баткен шаардык кеңешинин депутаты;
- 2017-2021- жылдары Баткен шаарынын мэри.