Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
Бишкекте 9-кабаттан кулаган өспүрүм ошол жерде жан берди
19.05.2022 | 14:36
Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулаган өспүрүм ошол жерде жан берди. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматк караганда, кырсык 18-майда саат 08:00 чамасында катталган. Анда Каралаев көчөсүндө жайгашкан үйдүн 9-кабатынан өспүрүм кулап кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Алган жараатынан улам ал ошол жерде жан берген.
Териштирүү иштеринин жүрүшүндө ал 2008-жылы туулган Н.И аттуу өспүрүм экендиги аныкталган. Бул факт каттоого алынып, учурда кырсыктын чоо-жайын тактоо иштери жүрүп жатат.