Базарда 60 жаштагы аял уюлдук телефондорду уурдаганга шектелип кармалды

Базарда 60 жаштагы аял уюлдук телефондорду уурдаганга шектелип кармалды

Ысык-Ата районунун Ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери уюлдук телефон уурдаган деген шек менен 60 жаштагы аялды кармашты. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдирди.

2020-жылдын сентябрь айынын аягында жергиликтүү тургун Ысык-Ата районунун ички иштер органдарына арыз менен кайрылган. Ал Канттын базарларынын биринде баасы 20 миң сомдон ашык уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүүнү суранган. Бул факт кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктүү реестрине «уурдоо» беренеси менен катталган.

Ушул жылдын 6-январында бул кылмышка шектүү катары Ысык-Ата районунун 1960-жылы туулган С.Г. аттуу аял колго түшкөн.

Учурда, милиция кызматкерлери кармалган жарандын ушул базардагы уюлдук телефонду уурдоого байланыштуу дагы бир кылмышка тиешеси бар экендигин аныкташты.

Сотко чейинки процесстер уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>