Кыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүнКыргызстандыктар Азербайжандын курортторунда арзандатуу менен эс ала алышат — чоо-жайыОш шаары Франция менен туризм, илим жана инвестиция багытында кызматташууну көздөөдөМурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов үй камагына чыгарылганы маалымдалдыНафталандан Ысык-Көлгө чейин: Курорттук туризмдеги кызматташтык
Бажы кызматына жаңы жетекчи болуп Адилет Кубанычбеков келди
26.10.2021 | 16:08
Адилет Кубанычбеков Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалганын аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
«Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 2021-жылдын 26-октябрындагы буйругу менен Кубанычбеков Адилет Кубанычбекович Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды», – деп айтылат маалыматта.
Акылбек Жапаров жаңы төраганы бажы кызматкерлерине тааныштырды.
Мындан тышкары анын орун басарлары болуп Эрик Ирискулбеков менен Азамат Абдыкалыков дайындалды.
Мурдагы жетекчилер башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматтарынан бошотулган.
https://reporter.kg/bazhy-kyzmatynyn-zhetekchiligi-tolugu-menen-otstavkaga-ketti/
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат