Бажычылар «Борбор Азияны калыптандырган көрүнүктүү айымдар» көргөзмөсүнө катышты

Бажычылар «Борбор Азияны калыптандырган көрүнүктүү айымдар» көргөзмөсүнө катышты

«Адистештирилген-окутуу» бажысынын кызматкерлери: окутуу-методикалык иштер бөлүмүнүн башчысы З.Кыдыргычова, окутуу-методикалык иштер бөлүмүнүн башкы инспектору А.Жээналиева жана кинологиялык даярдоо бөлүмүнүн улук инспектору Н.Гладкова «Борбор Азияны калыптандырган көрүнүктүү айымдар» онлайн көргөзмөсүндө катышуучу болушту. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, онлайн-көргөзмө Борбор Азиядагы (BOMCA-10) Чек араны башкарууга көмөктөшүү программасынын 20 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү.

Көргөзмөгө Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү BOMCA-10 программасынын өнөктөштөрүнүн министрликтеринен жана ведомстволорунан сынактык тандоодон өткөн мамлекеттик кызматкерлер – айымдар катышты.

Номинациялар үч категория боюнча көрсөтүлдү: лидерлик, инновация жана компетенттүүлүк. Иш-чара айым лидерлердин кесиптик ишмердүүлүгүндөгү ийгилик тарыхтарын чагылдырууга, Борбордук Азия регионунда трансчек аралык кызматташтыктын коопсуздугуна жана натыйжалуулугуна жетишүүдө айымдардын кошкон баалуу салымын белгилөөгө багытталган.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча онлайн көргөзмөнүн катышуучуларына BOMCA-10 жетекчиси Марис Домыныш мырза тарабынан «Борбордук Азияны калыптандырган көрүнүктүү айымдар» көргөзмөсүнүн сертификаттары ыйгарылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>