Кыргызстандык спортчулар Москвада өткөн кол күрөш турнирин жеңишти

Кыргызстандык спортчулар Москвада өткөн кол күрөш турнирин жеңишти

Кыргызстандык спортчулар Москвада өткөн кол күрөш боюнча ачык турнирде медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, теннис, паралимпиадалык жана күч спорту боюнча олимпиадалык резервдин адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары “Майыптардын эл аралык декадасына” жана “Золотой заяц”  долбоорунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган армрестлинг боюнча XXIV ачык турнирдин жеңүүчүлөрү болушту.

Сынактын жыйынтыгы боюнча:

— Камчыбек уулу Эрлан (70 кг чейинки салмак категориясы, угуусу начарлар категориясы) – 1-орун;

— Токтосун уулу Бекболсун (60 кг чейинки салмак категориясы, таяныч-кыймыл аппаратынын оорулары категориясы) – 1-орун;

— Евгений Нурматов (90 кг чейинки салмак категориясы, көрүү мүмкүнчүлүгү чектелгендер категориясы) – 2-орун.

Мелдеш 8-11-декабрь күндөрү Москва шаарында өттү. Турнирге КМШ өлкөлөрүнөн жана Россиянын аймактарынан 700гө жакын адам катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>