Бишкекте Ч. Айтматов проспектиси менен Л. Толстой көчөсүнүн кесилишиндеги көпүрө оңдолотӨкмөт өлкөгө кайтып келген мигранттарды колдоо программасын бекиттиКазан форуму: Кыргызстан ислам дүйнөсү менен экономикалык кызматташууну күчөтүүгө даярБишкекте Лев Толстой жана Термечиков көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылдыИюндан тарта жол эрежесин бузгандарды каттаган жаңы комплекстер иштей баштайт16-майга карата аба ырайы
Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды
14.03.2024 | 12:55
Жогорку Кеңеш “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Аны 66 депутат колдоп добуш берсе, 5 эл өкүлү – Дастан Бекешев, Чыңгыз Айдарбеков, Сеидбек Атамбаев, Эмил Токтошев жана Элвира Сурабалдиева «каршы» болду.

Надира Нарматованын мыйзам долбоорунда төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда:
- “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм”, “чет өлкөлүк өкүл” түшүнүгү киргизилет.
- Бейөкмөт уюмдарга мамлекеттик саясатты өзгөртүүгө, саясий акцияларды уюштурууга жана катышууга тыюу салынат. Ал саясый ишмердик болуп саналат.
- Коммерциялык эмес уюмдар отчет берүүчү органдардын саны көбөйтүлөт.
Белгилей кетсек, мыйзам долбоор күчүнө кирсе бир катар бейөкмөт уюмдары ишин токтотору айтылган. Бир нече эл аралык уюмдар дагы Нарматованын демилгесине каршы пикирин билдиришкен.
“Силерге болот, бизге болбойбу?” Садыр Жапаров АКШга жооп берди
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом