Бейшеналиев иштен алган үч орун басар кайра кызматына кайтты

Бейшеналиев иштен алган үч орун басар кайра кызматына кайтты

Бишкектин Биринчи май райондук соту саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев тарабынан кызматтан бошотулган ведомствонун кызматкерлеринин доо арызы боюнча чечим чыгарды.

Эске салсак, 2022-жылдын 16-майында маалымат жыйында Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматуллаев жана Жапаркул Ташиев президент Садыр Жапаровго жана министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровго кайрылуу жасашкан. Дарыгерлер Алымкадыр Бейшеналиевдин саламаттыкты сактоо министри кызматына ылайыктуулугун кароону суранышкан.

Журналисттер менен жолугушууга коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова, иш кагаздарын жүргүзүү жана уюштуруу иштери бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Ибраева, юридикалык бөлүмдүн башчысы Азамат Жумакеев да келишкен.

Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйындан кийин дароо үчөөнү тең кызматтан бошотуп, муну Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги реформалар менен түшүндүргөн.

Бул чечимди жокко чыгаруу үчүн Айнура Акматова, Гүлмира Ибраева жана Азамат Жумакеев сотко кайрылышкан. Алар бул буйрукту мыйзамсыз деп атап, иштен чыгууга аргасыз болгон маянасын өндүрүп алуу менен аларды кызмат ордуна калыбына келтирүүнү соттон суранышкан.

Сот бардык жагдайларды иликтеп чыгып, алардын үчөөнү тең кызмат ордуна калыбына келтирип, Саламаттыкты сактоо министрлигинен мажбурлап иштен кеткени үчүн маяналарын өндүрүп алууну чечти.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>