Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Эгемендүүлүк күнүндө “Тазалыктын” жумушчуларына сый акы берилет
18.08.2022 | 10:03
31-август – Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата “Тазалык” ишканасынын кызматкерлерине 10 миң сомдон сый акы берилет. Бул тууралуу аталган ишкананын пландоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Мурат Эсенов билдирди.
Анын айтымында, сый акы бюджетте айлык алган 1 миң 300дөн ашык кызматкерге берилмекчи.
“Район акимчиликтерине кат жолдогонбуз. Акимчиликтер аны карап жатат. 31-августка карата сый акыларды алабыз. Бюджетте акча болуп, иштерибиз жакшы жүрүшсө жылдын жыйынтыгы боюнча да сый акы беребиз”, – деди Мурат Эсенов.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом