Бекешев: Бул “Ханститутция” элге кайгы болот

Бекешев: Бул “Ханститутция” элге кайгы болот

Жогорку Кеңештин депутаттары жаңы Конституциядан керек болсо үтүрдү да ала албайт. Бул тууралуу депутат Дакстан Бекешов парламенттин жыйынында айтты.

«Эмне үчүн жарлык менен жактырылган айрым конституциялык жыйындар Конституциянын долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизсе болот, ал эми мыйзам чыгаруу функциясы бар бүтүндөй парламент үтүрдү алып сала албайт, бирок конституциялык жыйын андай кыла алат», — деди Бекешов.

Анын айтымында, мындай мыйзамдар элге дагыда терс таасирин тийгизет.

“Азыркы сиздер сунуштап жаткан мыйзам долбоорлору эл үчүн жаман. Сөз эркиндигин басынтып жатасыңар, сотторду көз каранды кылып, Башкы прокуратурага коркунучтуу функциялар жазылууда. Президент баарына жооп берем деп жатат, бирок ошол эле учурда президент өзүнүн ыйгарым укуктарын министрлер кабинетинин төрагасына өткөрүп берет деп жазылып турат. Президент эч кандай жоопкерчилик албайт. Эгерде президент жаман иш кылып койсо биз аны кантип кетиребиз? Биз кайрадан революция менен чечебизби? Бул “Ханститутция” элге кайгы болот жана демилгечи катары сиз (Бактыбек Турусбековго кайрылды – ред) жооп бересиз. Муну эстеп коюңуз. Бул тарыхий миссия болбойт, бул тарыхий антимиссия болот”, — деп баса белгиледи депутат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>