Бекешев: Быйыл президенттин ары-бери учушуна 140 млн сом короду

Бекешев: Быйыл президенттин ары-бери учушуна 140 млн сом короду

Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев бийликке акчаны үнөмдөөнү сунуштады.

Анын айтымында, бюджетте каражат бар. Бирок, административдик чыгымдарды кыскартса болот.

«Мен баарын жакшы түшүнөм, көп чыгымдар керек. Бирок кээде имараттар курула баштаганда каттамга кеткен чыгымдарды азайтыш керек. Албетте, мындай нерселерден баш тартуу кыйын. Бирок кээде керек. Мындай приоритеттүү эмес чыгымдарды президенттик администрация ойлонушу керек. Эмне үчүн биз учактарды тейлөөгө көп каражат сарптайбыз?» – деп суроо салды.

Дастан Бекешев ошондой эле Жогорку Кеңештин 2022-жылдагы бюджети 1 миллиард 24 миллион сомду түзгөнүн белгиледи. 2023-жылы 586 миллионго түшкөнүн айтып,  эмне үчүн деп сурады.

Муну менен катар депутат өзүнүн Телеграм каналына президенттин ары-бери учушуна учакка бюджеттен короткон каражаты 140 млн сом кеткенин жазды.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>