Стамбулдагы теракт иликтенип жатат

Стамбулдагы теракт иликтенип жатат

Стамбулдун борборундагы терактка тиешеси бар деп кеминде 46 шектүү кармалды. Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу кол салуу үчүн ПКК козголоңчу тобун айыптады. Куралдуу кыймылдын өкүлдөрү өз кезегинде аларга коюлган айыптарды четке кагышты.

Түрк бийлиги терактты уюштурган Сириянын жараны кармалганын билдирүүдө.

Жекшемби күнү Истиклал көчөсүндө болгон жардыруудан алты адам, анын ичинде  жаш балдары менен ата-энелер каза болгон. 80ден ашуун адам жаракат алып, жарымынан көбү ооруканадан чыгарылды.

Каргаша болгон жерге Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу барган.

«Биз туристтерди, шаарыбызга келген конокторду жана жергиликтүү тургундарды коопсуз мейкиндикте тосуп алуу боюнча милдеттемелерибиздин негизинде иш алып барабыз», — деди ал.

Полиция 1200 видеокамеранын видеосун текшергенин билдирди. Тергөөчүлөрдүн айтымында, террорчу деп шектелген адам Сириядан Түркияга мыйзамсыз келип, Сириянын Кобани шаарынан көрсөтмө алган, ал эми башка кармалгандар жаңы чабуулдарды даярдап жатышкан.

Телеграм каналыбызга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>