Бекешев: Депутаттар кылмыш аракеттерди кылбагыла

Бекешев: Депутаттар кылмыш аракеттерди кылбагыла

Бул Конституциянын долбоорун колдогонго болбойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев айтты.

Жумушубуздун бүтөрүнө аз эле калды. Депутаттар кылмыш аракеттерди кылбагыла. Узурпацияга алып келген ханституцияны сунуштап жатышат. Мен билем, автор бул депутаттар эмес. Президенттин аппаратынан алып келишкен. Керек болсо Конституциялык кеңешме өзгөртүү киргизген эмес.

Бул жерде мындай жазылып турат “Башкы прокурор мыйзам долбоорлорду сунуштайт” дейт. Кайсы мамлекетте ушундай башкы прокурордун укугу бар? Ал өзү ишти козгойт, камайт, иликтөө жүргүзөт, мыйзамды сунуштайт. “Мамлекет жана анын органдары коомго кызмат кылат” деп жазылып турат, ошол эле кезде мындай деп да жазылып турат “Анын бөлүгүнө дагы кызмат кылма болот”. Үчүнчүдөн “Президент аткаруу бийлигине ээ болсо, ошол эле учурда судяларды дайындайт” деп турат мына ушул ханституция. Ошондуктан бул мыйзам долбоорду колдобош керек”, — дейт Бекешев.

Анын айтымында, бул мыйзам долбоорунун авторлору коркуп жүрүшөт жана жакындары менен балдары чоң кызматтарда иштешет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>