Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Бекешев: Премьер-министр Ташиев же Новиков болот
29.01.2021 | 13:30
Премьер-министр Камчыбек Ташиев же Артем Новиков болот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.
Анын айтымында, кийинки жумада ким өкмөт башчы болору белгилүү болуп калат.
“Менден сурашып жатат КСДП фракциясы качан жыйын өткөрүп, ким жаңы өкмөт башчы болорун аныктайт деп. Биринчиден КСДП фракциясы көптөн бери жыйындарды өткөрбөй калган, эми деле жыйын өткөрүшүнө күмөнүм бар. Менин оюмча көпчүлүк коалиция премьер-министрликке кимдир бирөөнү сунуштабайт. Өкмөт башчыны президент сунуштайт, бул Новиков же Ташиев болот. Көпчүлүк коалиция аны бекитип гана берет”, – дейт Бекешев.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат