Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамдарды президентке электрондук форматта жөнөтүү башталды

04.06.2026 | 17:17
реформы

Иш кагаздарын жүргүзүүнү санариптештирүү алкагында Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев бүгүн биринчи жолу парламент тарабынан кабыл алынган мыйзамга электрондук кол тамгасын коюп, документти президенттин кароосуна жөнөттү. Муну менен Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн санариптештирүүнүн кезектеги баскычына старт берилди.

Мындан ары мыйзам долбоорлору жана коштоп жүрүүчү материалдар парламенттин кароосуна электрондук түрдө киргизилери белгиленди. Кабыл алынгандан кийин документтерге электрондук кол тамга коюлуп, кагаз түрүндөгү иш кагаздарын колдонбостон президентке жөнөтүлөт. Бул үчүн Жогорку Кеңештин Регламентине буга чейин тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилген.

Парламентте ошондой эле каралып жаткан маселелер боюнча комитеттердин жыйындарына кызыкдар тараптардын онлайн катышуу мүмкүнчүлүгү буга чейин киргизилгенин эске салышты. Бул тажрыйба учурда туруктуу негизде иштеп жатат.

Мындан тышкары, парламенттин коомдук кабыл алуу бөлүмүнүн иши толугу менен санариптештирилди. Жарандардын кайрылуулары электрондук форматта, анын ичинде жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен кабыл алынууда.

Жогорку Кеңештин маалыматы боюнча, санариптик чечимдерди киргизүү иш кагаздарын жүргүзүүнүн ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун жогорулатууга, документтерди сактоо жана издөө процесстерин жөнөкөйлөтүүгө, ошондой эле депутаттар менен жарандардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү чыңдоого мүмкүндүк берет.

Scroll to Top