Белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов дүйнө салды

Белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов дүйнө салды

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Сталбек Бактыгулов 1954-жылы 7-октябрда Чүй районунун Кегети айылында туулган.

1972-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайында, 1976-1981-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алган.

Эмгек жолун 1979-жылы В. В. Маяковский атындагы Кыргыз Мамлекеттик кыз-келиндер институтунда (азыркы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде) окутуучу болуп иштөө менен баштаган.

«Өмүрүн чыгармачылыкка арнаган композитор көптөгөн симфониялык, камералык-аспаптык чыгармаларды, кино жана драмалык спектаклдердин музыкаларын, обондорду жаратуу менен бирге Бишкек шаарындагы музыкалык окуу жайларда окутуучу болуп эмгектенип, бир катар таланттарды, шакирттерди тарбиялап чыгаруу менен кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө өзүнүн зор салымын кошту», — деп билдирет министрлик.

Маркум менен коштошуу зыйнаты эртең, 31-августта саат 15:00до «Чыгыш-5» кичи районундагы өзү жашаган үйдө өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>