Белгилүү композитор Сталбек Бактыгуловго жазылган некролог

Белгилүү композитор Сталбек Бактыгуловго жазылган некролог

Кыргыз маданияты жана искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады. 30-августта Кыргыз Республикасынын эл артисти, «Даңк» медалынын ээси, белгилүү композитор, жазуучу, журналист жана профессор Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун мүчөсү Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Сталбек Бактыгулов 1954-жылдын 7-октябрында Чүй облусунун Кегети айылында  туулган. Кичине кезинен эле музыка, поэзия, прозага кызыгуусу артып, адабият, маданият жана искусство чөйрөсүнө аралашып, коомчулукка эрте таанылган.

Орто мектепте окуп жүргөн кезинде, 1968-жылдан тарта ыр, этюд жана макалалары райондук жана республикалык газет-журналдарга жазып, салмактуу жазылган эмгектери менен окурмандарды өзүнө тарткан.

Мектепти аяктагандан соң, биротоло музыка жана адабият тармагына байланып чыгармачылык ишмердүүлүгүн жигердүү уланткан.

Адабий чыгармачылыкка өз алдынча аракеттерди жумшап, профессионалдык музыкага ыктап, билимин тереңдетип, атайын музыкалык кесиптин бардык этаптарынан ийгиликтүү өткөн.

Алгач, 1972-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын плектр классы боюнча элдик музыка бөлүмүнө тапшырып, кийин теориялык бөлүмгө которулуп аны ийгиликтүү аяктаган.

1976-1981-жылдары Сталбек Бактыгулов Бүбүсайра Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият институтунун композиция бөлүмүндө, профессор Мукаш Абдраевдин классында билим алып, андан соң доцент Таштан Эрматовдун классында билим алуусун уланткан.

Эмгек жолун 1979-жылы В. В. Маяковский атындагы Кыргыз Мамлекеттик кыз-келиндер институтунда (азыркы И. Арабаев атындагы университет) мугалим болуп иштөөдөн баштаган .

Сталбек Бактыгулов тынымсыз чыгармачылык изденүүнүн үстүндө болуп, симфониялык, камералык-аспаптык чыгармалардын, бир нече ырлардын, хорлордун автору болгон. Көптөгөн спектаклдерге музыкалык чыгармаларды жазуу менен бирге, жазуучулук багытты калтырбастан иш алып барып, коомчулуктун арзуусуна татыган. Анын «Балдар альбому», фортепианолук сонатасы, сонатинасы, фантастикалык бийи, экспромту, скерцосу Москвада, Бакуда, Санкт-Петербургда, Израилде, Голландияда, Индияда, Казакстанда Өзбекстанда, Азербайжанда, Арменияда, Литвада жана Латвия жана башка ири шаарларда ийгиликтүү аткарылган.

Жаратылышынан кылдат сезимтал байкагычтыгы менен өзгөчөлөнгөн Сталбек Бактыгулов музыкалык жана адабий чыгармалары алтын фондго жазылган.

Сталбек Бактыгулов өзүнүн жигердүү  ишмердүүлүгү аркылуу кыргыз адабиятынын, маданиятынын тарыхында барандуу изин калтырып, симфониянын кыргызча салттуулугун улантуучу композиторлордун катарында өзгөчө бааланды.

Сталбек Бактыгуловдун кыргыз адабиятына, маданиятына жана музыка искусствосуна болгон өзгөчө эмгеги мамлекет тарабынан жогору бааланып, 2008-жылы «Даңк» медалы, 2020-жылы Кыргыз Республикасынын эл артисти наамы ыйгарылган.

Анын сахналык жанрдагы жараткан Т. Касымбековдун «Кел-кел» романы боюнча жазылган бир актылуу «Күмүш камчы», 4 актылуу «Курманжан Датка» балети коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынган.

Чыгармачылык жолунда 20дан ашык симфониялык чыгармаларды, «Кандай аял тууду экен Лениндей уулду» вокалдык симфониялык поэмасын (сөзү Т. Сатылгановдуку 1984-ж.), «Кыргыз жери – Мекеним» кантатасын (Б. Абакировдун сөзүнө жазылган 1995-ж.) 1999-ж. редакцияланган), «Кыргыз жерин даңктаймын» кантатасын (Н. Алымбековдун сөзүнө жазылган 1995-ж., 2-редакциясы 2000-ж.) жана башка салмактуу чыгармаларды жазган. 10дон ашуун камералык-аспаптык чыгармаларды жараткан.

Драмалык спектаклдер үчүн жараткан чыгармалары театрларга колдонулуп, 60тан ашык вокалдык чыгармалардын автору болгон.

Кайталангыс талант Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Бактыгуловдун жаркын элеси элибиздин, аны билгендердин адабият жана музыка сүйүүчүлөрдүн жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Маркумдун бир туугандарына, жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, Н. Т. Шакиев, А.У. Жапаров, З. К. Базарбеков, С. С. Касмамбетов, Э. Ж. Байсалов, А. Максүтов, К. Иманалиев, Ч. Эсенгул уулу, А. Аскарова, М. Тагаев, К. Жумагазиев, Э. Раимбачаева, Ж. Бакиров, К. Иманалиев, Т. Чокиев, М. Бегалиев, Т. Казаков, К. Турапов, А. Истамбаев, Р. Осмоналиев, Э. Асаналиев, Ж. Каниметов, Р. Аманова, С. Садыкова, Садык Шер-Нияз, С. Раев, Ж. Кулмамбетов, Т. Колдошов, Б. Жунушев,  А. Өзүбеков, С. Бардаков, Н. Абдыкадыров, Т. Абдырахманов, К. Осмонов, Р. Аманова, Т. Саламатов, Б. Куланбаев, Н. Асанбеков, М. Бектеналиев, Ж. Курмангалиев, Т. Тургунов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>