Каржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалдыБишкекте Абдрахманов көчөсүндө 10 күнгө жол кыймылы чектелет
Мындан ары Ошто сел жана жамгырдан кийин таза суу өчүрүлбөйт
31.08.2023 | 15:25
Мындан ары Ош шаарында сел жана жамгырдан кийин шаар тургундарына таза суу берүү токтотулбайт. Аталган маселе чечилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 31-августта Садыр Жапаров Ош шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылган суу кампаны ишке киргизген. Суу кампасы 4 резервуардан туруп, алардын ар биринин көлөмү 6 миң куб метрди түзөт.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, буга чейин Ошто сел жана жамгыр учурунда Ак-Буура дарыясынан алынган суу ылайланып, шаардыктарга суу берүү токтотулуп келсе, суу кампанын курулушу менен аталган маселе чечилди.
Суу кампаны салууга 194 млн сом сарпталган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом