«Ош — достуктун шаары» фестивалы өттү

«Ош — достуктун шаары» фестивалы өттү

Эгемендик күнүнө карата Ош калаасында «Ош — достуктун шаары» фестивалы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чара С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын алдында өтүп, анда ар улуттун өкүлдөрүнүн улуттук каада-салты, ыр-күүсү, бийлери тартууланган.

Ошондой эле кол-өнөрчүлөрдүн, улуттук кийим-кечелердин көргөзмөсү болуп, «Алтын туурум – Ата-Журтум» республикалык маданий кароо-сынактарынын алкагында скульпторлордун «Тарыхта калган элестер», өлкөнүн жети дубандын кереметүү жерлеринин кичи бейнесин чагылдырган «Ата-Журт ажары» кароо-сынактары уюштурулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>