«Наристе» эл аралык балдар фестивалы: Бишкекке Санкт-Петербург жана Пушкинодон делегациялар келдиШаар тургундары менен жолугушуулардын жыйынтыгы — Бишкек мэрине 1,4 миң кайрылуу келип түштүБишкектин жолдорундагы атайын тилкелерди таксилер жана атайын техникалар үчүн ачуу мүмкүнчүлүгү каралуудаСадыр Жапаров «Бишкек Аренанын» курулушун мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды31-май: Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт, айрым аймактарда — жаан жана күн күркүрөйт«План боюнча мен Айфертти жайбаракат кысымга алуу үчүн чыккам, нокдаун кошумча бонус болуп калды» — Дмитрий Бивол
Белгилүү ырчы Малик Аликеев көз жумду
17.01.2023 | 12:51
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы жана аткаруучу Малик Аликеев 54 жашында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу акын Бердибек Жамгырчиев билдирди.
Малиев Аликеев 1969-жылы 6-июнда Талас районунун Көпүрө-Базар айылында туулган. Элге “Мөлмөлүм”, “Арзыкан”, “Таласым” аттуу ырлары менен таанылган. Артында бир уулу калды.
Эске салсак, Малик Аликеев 2020-жылы катуу ооруп, буту баспай калган. Мындан улам анын жамбаш сөөгүнө Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда эки операция жасалган. Бирок кийин кайра кокустатып алганы маалымдалган.
Акыркы жылдары ал эки балдак менен басып, айрым концерттик программаларга катышып жүргөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар