Берлинде «Элечек» кечеси өттү

Берлинде «Элечек» кечеси өттү

Берлин шаарында элчиликтин имаратында Кыргызстандын Ош облусунун Ноокат районунун Кʏнгɵй-Кожеке айылынан келген Буажар Казыканованын катышуусу менен кыргыз улуттук баш кийими – элечек жасоо кечеси болду. Бул тууралуу элчиликтен маалымдашты.

Б.Казыканова кыргыздын улуттук кийим-кечесин, боз ʏй жасалгаларын жасаган Кыргызстанда белгилʏʏ уздардын бири.

Кечеге келген Берлин шаарында жашаган кыргыздын кыз-келиндери Б.Казыканованын Элечек жасаганын кɵрʏп, ʏйрɵнʏштʏ. Б.Казыканова элечекти жасап жатып, анын тарыхын, колдонуу максатын жана бʏгʏнкʏ кʏндɵгʏ элечектин орду менен мааниси тууралуу кеңири маалымат берди.

Кечеде элчи Өмүрбек Текебаев кыргыздын маданий мурастарынын бири болуп калган элечек тууралуу бʏгʏнкʏ кʏндɵ жаштарга маалымат берʏʏ абдан зарыл экендигин белгиледи жана Б.Казыкановага анын мындай маанилʏʏ чеберчилиги ʏчʏн терең ыраазычылыгын билдирди.

Элечек жасоо кечеси Берлиндеги Кыргыз-герман маданий коому менен биргеликте ɵткɵрʏлдʏ. Элечек тууралуу берилген маалымат келген коноктордун зор кызыгуусун туудурду.

Мындай кечелер Германиядагы мекендештерге жана немис досторго кыргыз улуттук маданияты тууралуу маалыматты мындан ары да жайылтуу мʏмкʏнчʏлʏгʏн тʏзɵт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>