Берлинде «Кыргыз үйү» ачылды

Берлинде «Кыргыз үйү» ачылды

2023-жылдын 14-январында Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде «Кыргыз үйү» маданий борборунун ачылыш аземи болуп ɵттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымдады.

Бул салтанаттуу иш-чарага Германиянын жана Польшанын ар кайсы шаарларынан келген кыргыз диаспоралык уюмдардын лидерлери жана алдыңкы жаштары катышты.

Элчис Өмүрбек Текебаев ɵз сɵзүндɵ Германиянын борбору Берлин шаарында ачылып жаткан бул Кыргыз маданий борбору Германияда Кыргызстанды таанытуунун, кыргыз диаспора ɵкүлдɵрүнүн жолугушууларын, иш-чараларын ɵткɵрүп туруучу жана Германияда тɵрɵлүп, ɵсүп келе жаткан жаш кыргыз муундарынын кыргыз маданияты менен таанышып, кыргыз тилин үйрɵнɵ турган жайы болорун белгиледи. Элчи Германиядагы мекендештерди биримдикке, ынтымакка жана Кыргызстандын ɵнүгүшүнɵ мындан ары да ɵз салымдарын кошууга чакырды.

Кечеге келген кыргыз диаспоралык уюмдардын ɵкүлдɵрү ɵз уюмдарынын жасап жаткан иш-аракеттери жана келечекте жасала турган иш-чаралары тууралуу маалымат беришти жана мындай Кыргыз маданий борборунун түзүлгɵндүгүнɵ абдан кубанышып, ыраазычылыгын билдиришти.

Кеченин жүрүшүндɵ Германиядагы жаш мекендештердин аткаруусундагы кыргыз ырлары жаңырып, кыргыз жана немис классикалык чыгармалары аткарылды. Келген коноктор улуттук тамак-ашынан даам татып, бири-бири менен жагымдуу маанайда ɵз ара баарлаша алышты.

Маалымат үчүн: Германияда 10дон ашык кыргыз диаспоралык уюмдары түзүлгɵн жана алар маданий-гуманитардык тармактарда ар кандай иш-чараларды, долбоорлорду ишке ашырып, Кыргызстанга жардам берип келишет. Ошону менен бирге, кыргыз диаспоралык уюмдар Германиядагы кыргыздарды биримдикке үндɵгɵн ар кандай биргелешкен майрамдык, маданий, билим берүүчү, спорттук иш-чараларды жүргүзүп келишет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>