Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Түркия Караколго бала бакча курат
17.01.2023 | 17:27
Учхисар районунун (Түркия) башчысы Осман Суслу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаевге Каракол шаарында пландалган бала бакчанын курулушунун башталышы тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалды.
Маалыматка караганда, бала бакча Учхисар шаарынын бюджетинин эсебинен курулат.
“Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Түркиянын туристтик компанияларынын катышуусунда Бишкекте бизнес-форумду биргелешип уюштурууну макулдашты”, — деп айтылат маалыматта.
2022-жылдын 2-июлунда Каракол менен Учхисар ортосунда боордош шаарлар мамилелерин түзүү жөнүндө протоколго кол коюлган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом