Издөө: Айбек Касымакунов беш айдан бери дайынсыз болууда

Издөө: Айбек Касымакунов беш айдан бери дайынсыз болууда

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Касымакунов Айбек Моңолбаевичтин жүргөн жерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 1983-жылы туулган Айбек Касымакунов 5-июль күнү Жалал-Абад шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Учурда дайынсыз жоголгон адамдын кайда экени белгисиз. 2022-жылдын 14-июлунда бул материал Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Белгилери: бою 175-180 см, арык денелүү, көзү күрөң, мурду түз.

Милиция Айбек Касымакуновдун кайда экени тууралуу маалымат болсо, 0 (312) 352-605, 0 (312) 444-457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880 , 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (755) 579-580 телефон номерлерине же 102 кызматына кабарлап коюуну өтүнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>