Бийлик Бишкектеги ботаникалык бакчаны гүлдөтөөрүн убадалады

Бийлик Бишкектеги ботаникалык бакчаны гүлдөтөөрүн убадалады

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук илимдер академиясынын Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык багына барды. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

Эдил Байсалов лабораторияларды, күнөсканаларды, бакчаларды кыдырып чыгып, М.Горький жана И.Ахунбаев көчөлөрүндө жайгашкан анын аймагы шаардыктар жана борборубуздун меймандары үчүн табияттан ыракат алып, жаратылышка суктануучу жайга айланаарын билдирген.

«Маселе бакчаны мындан ары өнүктүрүү жана аны сактоо зарылчылыгында турат. Ботаникалык бактын илимий ишмердүүлүгү колдонмо мүнөздө болуп, борбордун гана эмес, бүтүндөй өлкөнү жашылдандыруу процессине салым кошуусу маанилүү. Шаардын көчөлөрүндө жана аянттарында гүлбакта өскөн жоогазындын сейрек кездешүүчү түрлөрүн отургузууга болот. Мисалга, «Зеленстрой» муниципалдык ишканасы бул жоогазындарды дээрлик Голландиядан сатып алат. Алардын мекени Ала-Тоо болуп саналат. Албетте, биз борбор шаарды бир заматта жоогазын гүлдөрү менен толук камсыздай албайбыз, бирок бул процессти баштасак болот. Менеджердик идеялар керек, бирок биринчи кезекте бакчанын аймагын тазалап, аны көрктөндүрүү керек. Биз адам ресурстары менен камсыздоого жардам беребиз», — деди ал.

Белгилей кетсек, Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык бак 1938-жылы негизделген жана аянты жана өсүмдүк коллекцияларынын курамы боюнча Борбор Азиядагы эң ири ботаникалык бакчалардын бири болуп саналат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>