Бийлик калың карда калган Ысык-Көлдөгү малчыларга чөп алып барды

Бийлик калың карда калган Ысык-Көлдөгү малчыларга чөп алып барды

Калың кардын кесепетинен жайлоодо жүргөн малдын саны ачыкталды. Ак-Суу районунда 378 кой-эчки, 142 бодо мал, 22 жылкы өлгөн. Жети-Өгүз районунда 610 кой, 13 топоз, 3 жылкы жок болду. Бул туурасанда  Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев парламентте билдирди.

“КамАЗ” үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унааларга 1000 түк чөп жүктөлүп, Эңилчек айылына чыгып кетишкен. Жардам берүүгө Өзгөчө кырдаалдар миистрлигинен ошондой эле Жарандык коргонуу комиссиясына мүчө министрликтердин жергиликтүү мекемелеринен жалпысынан 10 автоунаа, техника кеткен. Анын ичинде бульдозер, экскаватор, спринтер оор жүк жүктөөчү автоунаалар бар. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, 30-майдын түнүндө Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Каракол-Эңилчек унаа жолунун 82-76-чакырымында ар жеринен кар көчкүлөр түшкөн. Көчкүнүн жалпы көлөмү 80000 метр кубду түзүп, ошол эле күнү жол тазаланып, бир тараптуу ачылган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн чечими менен 30-майдан 2-июнуна чейин 38-112-чакырымдарында убактылуу жол жабылып, посттор уюштурулган. Ал эми тазаланган жолго 31-майда кар тынбай жаап 89-92-чакырымдарынын ортосунда кайрадан кар кѳчкү түшүп, жол жабылып калган.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>