Бийликти сынга алган активист камакка алынды

Бийликти сынга алган активист камакка алынды

Активист Тилекмат Кудайбергенов бийликти күч менен басып алууга жана массалык башаламандыкка чакырууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тилекмат Кудайбергеновдун социалдык тармактарга жазган билдирүүлөрүндө бийликти күч менен басып алуу жана массалык башаламандыкка чакыруу белгилери бар деп шектелип, шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул факты боюнча 310-берене, (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) 264-берене (“Массалык баш аламандыктар”) менен катталып, соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган.

Белгилей кетсек, Кудайбергенов 9-мартта Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митингди алып барган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>