Жаратылыш ресурстары министри Япониянын элчиси менен экология жана тоо-кен тармагындагы кызматташууну талкууладыЮстиция министрлиги адвокаттардын ишинен кемчиликтерди аныктап, Этика боюнча комиссиядагы катышуусун убактылуу токтоттуКыргызстан Өзбекстандан минералдык жер семирткичтерди жеткирүүнү кайра жандандырууну каалайтКыргызстан мобилдик клиниканы каржылоону дагы эки жылга узартууну өтүндүНаманган менен Кыргызстан 55 млн долларлык фармацевтика өндүрүшүн биргелешип ишке ашырууну пландоодоКыргызстанда браконьерлик үчүн жаза күчөтүлдү — президент мыйзамга кол койду
Министр эмнеге онлайн окууга өтүүгө кеч чечим кабыл алганын түшүндүрдү
13.12.2023 | 14:09
Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева мектептерди онлайн окууга өткөрүү боюнча кеч кабыл алынган чечимине түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, мекеме өз алдынча буйрук кабыл ала албайт. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Эпидеомологиялык көзөмөл департаменти менен акылдашат.
“Кыргызгидрометтин маалыматы түнкү саат 4төн кийин берилди. Чечим ата-энелердин өтүнүчү менен кабыл алынды”,- дейт Догдуркүл Кендирбаева.
Бала бакчалар кадимкидей иштеп жатат.
Белгилей кетсек, мектептер үч күн онлайн окушат. Бирок министрлик буйругунда 13-14-декабрь күн гана онлайн окуу уюштурары көрсөтүлгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом