Бишкекте үч эм жарык дүйнөгө келдиЖайлоодогу Голливуд: Дон «Ажыдаар» Уилсон, Бай Лин жана Кыргызстанда тартыла турган тасмалардын жашыруун сценарийлериЧолпон-Атада триатлон боюнча Азия Кубогу өтөтБорбор Азия өлкөлөрүнүн жаштары климат жана суу боюнча билдирүү кабыл алыштыКыргызстандын өкүлдөрү миграция боюнча тажрыйба алмашуу үчүн Чехияда болуштуЭми жеке ассистенттерге бир үй-бүлөдөгү ар бир майыптыгы бар адам үчүн өз-өзүнчө акы төлөнөт
Бир канча фармкомпания жетекчилери камакка алынды
12.10.2021 | 12:11
Саламаттыкты сактоо министрлигинин айрым кызматкерлери жана фармацевтикалык компаниялары менен жең ичинен сүйлөшүп алып, алардын колдоосу менен салык төлөөдөн качып, импорттук дары-дармектердин чыныгы баасын жашыруу максатында жана андан ары дарыларды калкка бурмаланган баада сатуу иштери аныкталды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалымат боюнча, бул факт боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана фармацевтикалык компаниялардын айрым кызматкерлери кармалып, УКМК тергөө камак жайына киргизилди.
Өлкөгө дары-дармектерди тыштан арзан баада сатып алып, кайра калкка ашыкча жогорулатылган баада сатышкан фармацевтикалык компаниялардын тобунун мыйзамсыз ишмердүүлүгү боюнча сотко чейинки тергөө жүрүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар