Бир катар өлкө лидерлери Жапаровду жана кыргыз элин куттукташты

Бир катар өлкө лидерлери Жапаровду жана кыргыз элин куттукташты

Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Кытай төрагасы Си Цзиньпин, Сауд Аравия падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд, Америка Кошмо Штаттарынын президенти Джозеф Байден президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

Азербайжан президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

Өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана сиздин элиңизди Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Келерки жылы биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын белгилейбиз. Жалпы тарыхка, бир туугандыкка жана өз ара урматтоого негизделген мамлекеттер аралык мамилелерибиздин өнүгүшү канааттануу сезимин туудурат.

Үстүбүздөгү жылдын апрелинде Азербайжанга болгон расмий иш сапарыңыздын жүрүшүндө жетишилген макулдашуулар жана кол коюлган бир катар документтер, атап айтканда, Азербайжан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларация жана Азербайжан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттер аралык Кеңешин түзүү жөнүндө Меморандум биздин мамилелерибиздин жаңы сапаттык деңгээлге умтулгандыгынын айкын мисалы болуп саналат.

Биз азербайжан-кыргыз мамилелеринин болгон потенциалын максималдуу натыйжалуу пайдалануу, эки тараптуу деңгээлде да, көп тараптуу форматта да өз ара ишенимге жана колдоого негизделген кызматташтыгыбызды кеңейтүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерибизди улантабыз деп ишенем.

Ушул майрамдык күнү Сизге чың ден соолук, ишиңизге ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргыз Республикасына тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм”.

Сауд Аравия падышасынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Өлкөңүздүн Эгемендүүлүк күнүнө карата биз Сизге, Улуу Мартабалуу, чын жүрөктөн куттуктоолорубузду жана чың ден соолук жана бакыт, ал эми Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жана бир тууган элине мындан аркы гүлдөп-өнүгүүнү каалаганыбызга кубанычтабыз”.

Америка Кошмо Штаттарынын президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Америка элинин атынан Кыргыз Республикасын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктайм. Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасы биргелешип көп нерсеге жетишти, бирок мен биздин эң сонун күндөрүбүз али алдыда деп ишенем. Ушул татаал мезгилде эки тараптуу байланыштарды кеңейтүү жана өнөктөштүктү бекемдөө биздин өлкөлөр, Борбордук Азия жана бүткүл дүйнө үчүн чоң мааниге ээ. Америка Кошмо Штаттары менен Кыргыз Республикасын жакындатууга болгон аракетиңиз үчүн ыраазычылык билдирем жана алдыдагы жылы жемиштүү кызматташууну чыдамсыздык менен күтөм”.

Кытай Эл Республикасынын төрагасынын куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Президенттик кызматка киришкенден кийин сиз бир катар маанилүү реформалык чараларды көрүп, социалдык туруктуулукту натыйжалуу камсыздап, элдин жыргалчылыгын иш жүзүндө жогорулатып, Кыргызстан элинин ишенимине жана колдоосуна ээ болдуңуз. Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргызстан мамлекеттик курулуштун жолунда тынымсыз жаңы ийгиликтерге жетишет деп ишенем.

Үстүбүздөгү жылдын февралында биз Пекинде жемиштүү жолугушуу өткөрүп, кеңири макулдашууларга жетиштик жана Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы достук кызматташтыктын улуу келечегин биргелешип белгиледик. Мен кытай-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө чоң көңүл бурам жана эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгынын негизинде сиздер менен эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн кытай-кыргыз мамилелеринин ар тараптуу өнөктөштүгүн жаңы деңгээлге көтөрүүгө биргелешкен күч-аракеттерди жумшоого даярмын.

Дос Кыргызстанга гүлдөп-өнүгүү жана күч-кубат, ал эми анын элине бакыт жана бакубатчылык каалайм”.

Түркия президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Дос жана бир тууган Кыргызстандын эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныган өлкө катары, акыркы 30 жыл аралыгында Кыргызстандын ар бир тармактагы жетишкендиктерине кубануу жана сыймыктануу менен көз салып келе жатабыз.

Биз алдыдагы мезгилде, жалпы кызыкчылыктарыбыздын негизинде биргелешкен салымыбыз менен жалпы тил, маданият жана тарыхый байланыштан кубат алган стратегиялык деңгээлдеги мамилелерибизди жана кызматташтыгыбызды мындан ары да өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө чечкиндүүбүз”.

Беларусь президентинин куттуктоосунда мындай деп айтылат:

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду кабыл алыңыз. Эгемендүүлүк жылдарында сиздердин өлкөдө мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө, экономикалык өсүштү камсыз кылууга, Кыргызстандын эл аралык аренадагы беделин жогорулатууга багытталган маанилүү демилгелер ишке ашырылды.

Биздин элдерибиздин ортосундагы ондогон жылдардан бери келе жаткан өз ара урмат-сыйдын жана достуктун салттары мындан ары да саясий диалогду ырааттуу өнүктүрүү, экономикалык жана гуманитардык чөйрөлөрдө жемиштүү байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле интеграциялык бирикмелердин алкагында тыгыз кызматташтык үчүн бекем негиз болуп кызмат кыла берерине ишенем.

Сизге чын жүрөгүмдөн, урматтуу Садыр Нургожоевич, чың ден соолук жана Ата Мекендин бакубатчылыгы үчүн жаңы ийгиликтерди, ал эми Кыргызстан элине бакыт, тынчтык жана ынтымак каалайм”.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: куттуктоо

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>