Бишкек мэриясы акчаны жаңы жылдык корпоративге эмес, кайрымдуулукка жумшайт

Бишкек мэриясы акчаны жаңы жылдык корпоративге эмес, кайрымдуулукка жумшайт

Бишкек шаарынын мэриясы ведомствого караштуу түзүмдөр менен биргеликте быйылкы жылы кайрымдуулуктун пайдасына жаңы жылдык корпоративдик иш-чараларды өткөрүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Оор эпидемиологиялык жана экономикалык кырдаалда COVID-19 инфекциясынын таралышынан улам, ошондой эле жарандардын социалдык жактан аялуу катмарына мүмкүн болуучу жардам жана колдоо көрсөтүү боюнча күч-аракеттерди багыттоо чечими кабыл алынды», — деп айтылат мэриянын маалыматында.

Муниципалдык коммуналдык кызматтардын кызматкерлери Жаңы жыл алдында жамааттык иш-чараларды өткөрүүнүн ордуна борбордо иштеп жаткан ар кандай социалдык мекемелерге тиричилик жана керектүү буюмдарды жана башка аксессуарларды сатып алууну пландаштырууда.

Шаар мэриясы Бишкектин мекеме-ишканаларынын жамааттарын бул демилгеге кошулууга жана келе жаткан жаңы жылдык майрамдардын алдында муктаж болгон мекендештерге ушундай эле жардам көрсөтүүгө чакырат.

Акцияга колдоо көрсөтүүнү каалагандар үчүн калаа бийлиги борбордогу социалдык мекемелердин жана алардын муктаждыктарынын тизмесин бере алат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>