“Бир муун жоголду”. Баңгинин демографияга таасири ЖКда айтылды

“Бир муун жоголду”. Баңгинин демографияга таасири ЖКда айтылды

Баңги заттын демографияга терс таасири күч. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова билдирди.

Ал өзүнүн уулу дагы баңги экенин ачыктады.

“Бир муун жоголду. Менин уулум дагы баңги зат  колдонуучу. Азыр 45 жашта. Ал курактагы бул затты колдонуучулардын ичинен уулум гана тирүү калды”, — дейт укук коргоочу.

Бүбүсара Рыскулованын айтымында, баңгилердин үй-бүлөсүнө майып балдар көп төрөлүүдө.

“Ошо 45 жаштагылардан көп майып балдар төрөлүүдө. Бул жаман нерсенин демография таасирин карагандар барбы? Бизге келип, психологдон жардам сураган ата-энелер уят деп баласы баңгизат колдонгонун жашырат. Бул негизи элге  каршы кылмыш”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, комитеттин жыйынында депутат Медер Алиев баңги заттын таркатылышы боюнча токтом сунуштады.

Өспүрүмдөр баңгиликке берилип жатат. Депутат чара көрүүнү сунуштайт

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>