Өспүрүмдөр баңгиликке берилип жатат. Депутат чара көрүүнү сунуштайт

Өспүрүмдөр баңгиликке берилип жатат. Депутат чара көрүүнү сунуштайт

“Кыргызстанда наркомания кейиштүү ахыбалга жетти”, — деп Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Медер Алиев билдирди.

Анын айтымында, баңги зат сатуучулар жаңы технологияларды колдонуп, аны окуучулар арасында дагы таркатууга өттү.

“Телеграм аркылуу аны эч бир тоскоолдуксуз алууга болот. Мисалы, чоң ызы-чуу жараткан “Прицесса дури” дагы эле иштеп жатат. Азыр төлөө ыкмалары өзгөргөн, жарыяда эч бир контакттар көрсөтүлбөйт. ЮMoney, Яндекс Money жана башка төлөм тутумдарын колдонушат. Акчаны албай, биткоин, криптовалюта менен дагы сатышат. Ал интернет дүкөндүн жетекчилери Мексика, Орусияда олтурушу мүмкүн”, — дейт депутат.

Медер Алиевдин маалыматында, Республикалык наркология борборунда 7 миң 672 адам каттоодо турат.

“Бирок бул маалымат реалдуу көрүнүштү чагылдырбайт. Үй-бүлөлөр баласынын баңгизатка берилгенин жашырууга аракет кылышат. Мурда 18 жаштан өйдөнкүлөр жабыркаса, азыр мектеп окуучулары арасында таркап жатат. Айрыкча дарыкана наркоманиясы абдан кейиштүү абалда”, — дейт эл өкүлү.

Медер Алиев дарыканада дарыларды рецептти жок саткандарды жоопко тартууну сунуштады. Андан тышкары, Баңгизаттарга каршы күрөш боюнча агенттикти Ички иштер министрлигинин карамагынан бөлүп чыгып, анын ишин күчөтүү зарылдыгын белгилейт.

Комитеттин депутаттары эл өкүлүнүн бул жааттагы токтомун бир добуштан колдошту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>