Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Бир жылда чет элдик инвестициянын келүүсү эки эсе өстү
08.09.2022 | 22:35
Чет өлкөлүк инвестициялардын келүүсү 2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Маалыматка караганда, 2022-жылдын январь-июнунда 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүү агымы 2,0 эсеге көбөйүп 628 млн. АКШ долларынын ашыгын түздү. Муну менен бирге келип түшүү агымы чыгып кетүү агымынын деңгээлинен 145 млн. АКШ долларынан ашты.
Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын I жарым жылына салыштырмалуу бардык түзүүчүлөрдүн келип түшүүсүнүн көбөйгөнү белгиленди, резидент эместерден алынган кредиттерди кошпогондо, алардын көлөмү 29,8 пайызга кыскарды.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика