Биринчи май РИИБдин кызматкери пара менен кармалды — видео

Биринчи май РИИБдин кызматкери пара менен кармалды — видео

Опузалап пара талап кылгандыгы үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милициянын капитаны К.Т.Б. кылмыш жообуна тартуу жана камакка алуу коркунучу менен чет элдик жарандан 150 000 сом талап кылган. 1-октябрда ал пара менен кармалган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси «пара талап кылуу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Милициянын капитаны кармалып, андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүү үчүн УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: пара алуу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>