Бишкек: 273 ширеңкенин кутусуна катылган гашиш табылды (ВИДЕО)

Бишкек: 273 ширеңкенин кутусуна катылган гашиш табылды (ВИДЕО)

Борбор калаадагы дүкөндөрдүн биринде алма салган жащиктерге катылган маңзат табылган.  Буга шектүү катары 22 жаштагы О.Н. аттуу жаран кармалды. Бул туурасында Ички иштер министринин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

Анда айтылгандай,  273 даана ширеңке кутусуна ныкталган кочкул-гүрөң түстөгү жапайы кара куурай жыты бар өсүмдүк тектүү зат экени аныкталган. Анын жалпы салмагы 2кг. 874 гр. болгон. Кылмышка шектүүнүн бир тууган агасы Токтогулдан Бишкекке берип жибергени белгилүү болгон.

Милиция 16-сентябрдан бери издеп жүргөн.

Учурда ага-иниге тергөө иштери жүрүп жатат. Жоруктардын жана кылмыштардын бирдиктүү ресстрине катталган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>