Токмок: Наристе эмчек эмип жатканда чарчап калды

Токмок: Наристе эмчек эмип жатканда чарчап калды

Чүй облусунун Токмок шаарындагы наристе эмчек эмип жатканда чарчап калды. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Малыматка ылайык, наристенин энеси аны эмизип жатканда уктап калган. Анын кесепетинен бала думугуп калган.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы окуяны тастыктады. Маалым болгондой, 14-октябрда Токмок ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 2021-жылдын 11-августунда туулган С.Э. чарчап калгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барганда 33 жаштагы Б.С. баласын эмизип жатканда уктап калганын, анын кесепетинен наристе думугуп чарчап калганын билдирген.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 135-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Анын алкагында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, С.Э.нин жансыз денеси Токмок шаарынын өлүк кармоочу жайына жеткирилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>