Бишкек: 9-10-декабрда окуучулар онлайн окуйт

Бишкек: 9-10-декабрда окуучулар онлайн окуйт

Бишкекте 9-10-декабрда мектептерде сабак болбой, окуу онлайн жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, бул чечим Бишкекте ЕАЭБ саммити өткөрүлүп жатканына байланыштуу кабыл алынган.

«Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин өткөрүлүшүнө байланыштуу кортеждер өткөн учурда жолдор жабылат, ошондой эле коомдук унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Ага байланыштуу 9-10-декабрда окуучуларды сабактан бошотуп, окууну онлайн өткөрүү керек деп эсептейбиз. Бул чечим тууралуу директорлор ата-энелерге милдеттүү түрдө кабар берүүсү зарыл», — деп билдирет мэрия.

Ошол эле учурда, Бишкек шаардык милициясы борбор калаадагы мектептерде бомба коюлганы тууралуу чыгып жаткан маалыматтар туура эмес экенин белгилейт.

Шаардык милиция билдиргендей, бүгүн, 9-декабрда №4 мектепте бомба коюлганы тууралуу маалымат түшүп, жерине милиция кызматкерлери барган. Окуучулар эвакуацияланып, мектеп курчоого алынган. Жыйынтыгында бомба тууралуу маалымат тастыкталган эмес. Ал эми Бишкектин башка мектептеринде бомба коюлганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>