Бишкек: Аsia Mall соода борборунан өрт чыкты

Бишкек: Аsia Mall соода борборунан өрт чыкты

Бишкектеги Аsia mall соода борборунан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, Ч. Айтматов №3 дарегинде жайгашкан Asia Mall соода борборунун чатырынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.  Жерине өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынын жалпы 4 өрт өчүрүүчү бөлүмү, 1 автошаты, штаб жана ӨКМдин ККББнан ыкчам топ тартылган.

Такталган маалымат боюнча, соода борбордун үчүнчү кабатында жайгашкан тамактануучу жайдагы түтүн чыгуучу (вытяжка) жеринен түтүн каптап жана коопсуздук кызматы тарабынан соода борбордогу бардык жарандар өз убагында эвакуацияланган, жабыркагандар жок.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам иш-аракеттеринен 17:28 өрт чектөөгө алынып, саат 18:00 толук өчүрүлдү.

Өрттүн аянты болжол менен 20 ч.м. түзгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: “Аsia mall”

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>