Элчилик Түркиядагы Кыргызстандын жарандарына кайрылды

Элчилик Түркиядагы Кыргызстандын жарандарына кайрылды

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги кыргызстандыктарга кайрылып, коопсуз аймакка чыгууну каалаган жарандар үчүн автобустар уюштурулуп жатканын билдирди.

Маалым болгондой, элчиликтин жана Башкы консулдуктардын кызматкерлери Түркиянын жер титирөөдөн жабыркаган облустарында ишин улантууда.

«9-февралда кечинде Газиантеп, Кахраманмараш, Османие, Хатай, Шанлыурфа, Элазыг, Адыяман, Килис шаарларында, ошондой эле башка коңшу шаарларда жайгашкан жарандарды өлкөнүн коопсуз аймактарына жеткирүү үчүн автобустарды жөнөтүү пландалууда. Автобустар Анкара, Анталия же Стамбул шаарларына жөнөшү күтүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Элчилик кооптуу аймактардан кетүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын Газиантеп шаарындагы аэропортко келүүнү же эвакуация маселесин чечүү үчүн жайгашкан жерин билдирүүнү суранат

Элчилик +90 552 8781158, +90 534 8388551 телефондору аркылуу байланышууну өтүнөт.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 14 миң 14 киши каза таап, 63 миң 794 адам жараат алды.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 67 ӨКМ кызматкерин жөнөткөн. Алар Түркиянын Кахраманмараш шаарында иштөөдө. Андан тышкары, Кыргызстан Түркияга гуманитардык жардам жөнөтөрү кабарланган.

12-февралда Кыргызстандан Түркияга дагы 100 куткаруучу жөнөтүлөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>