Түркиядагы зилзалада журналист Бурак Милли каза тапты

Түркиядагы зилзалада журналист Бурак Милли каза тапты

Түркиядагы зилзаланын очогу болгон Кахраманмараш провинциясында “Анадолу” эл аралык агенттигинин кабарчысы Бурак Милли жана анын үй-бүлө мүчөлөрү каза болду. Бул тууралуу аталган агенттик билдирди.

Андагы маалыматка караганда, Бурак Милли (31 жашта), анын жубайы Айшен Милли (30 жашта) жана алардын 5 айлык кызы Эйлул Лина түштүктөгү Хатай  провинциясына караштуу Искендерун шаарындагы Ибрагим Караогланоглу көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин урандыларынын астында калды.

Куткаруучулар журналисттин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн сөөгүн жер титирөөдөн кийинки төртүнчү күнү гана алып чыгууга жетишкен.

Бурак Милли Хатай университетинин Искендерун кесиптик окуу жайын бүтүргөн. Ал Түркия-Сирия чек арасындагы, ошондой эле Хатайдагы окуяларды чагылдырган.

Согуш кабарчысынын күбөлүгү да болгон Милли көптөгөн эксклюзивдүү жаңылыктардын жана сүрөттөрдүн автору болгон. Анын иши эл аралык маалымат каражаттарында жогорку баага ээ болгон.

Айрыкча Милли тарабынан 2018-жылы «Зайтун бутагы» операциясында тартылган TB2 Байрактар ​​учкучсуз учуучу аппаратынын толук айдын фонунда тартылган сүрөтү чоң кызыгууну жараткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>