Ошто Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата 4 миң көчөт отургузулдуКантта калдыктарды кайра иштетүүчү завод жана муниципалдык базар куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев ЖМК өкүлдөрүн Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктадыКыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдөКыргызстанга өткөн Кара-Жантак айылынын тургундарына үйлөрүнүн документтери берилдиБШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын токтотту
Бишкек: Күйүүчү май кампасында чыккан өрт боюнча милиция иликтөө баштады
21.12.2021 | 15:24
21-декабрда Бишкекте күйүүчү-майлоочу майлар сакталган кампадан (Тимирязев көчөсү) өрт чыккан.
Өрт саат 10:51де толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттү өчүрүүгө беш өрт өчүрүүчү бөлүм тартылган.
Учурда өрттүн жалпы аянты, материалдык чыгым жана өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Жабыркагандар жок.
Борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Reporter.kg’ге билдиргендей, бул факт Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБдин ЖИИБге катталып, керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом