Бишкек: Кичи автобустардын кагышуусунан эки киши жандандыруу бөлүмүнө түштү

Бишкек: Кичи автобустардын кагышуусунан эки киши жандандыруу бөлүмүнө түштү

Бишкектеги No130 жана 193 жүргүнчү ташыган эки кичи автобустун катышуусундагы жол кырсыгынын кесепетинен 18 адам жабыркап, алардын экөөсү оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык болгон жерде Бишкек шаарындагы тез жардам кызматынын 6 бригадасы иш алып барды.

«Тез жардам кызматы менен 17 жабырлануучу Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна, 1 жабырлануучу Улуттук госпиталга жеткирилген. Сыныктары бар эки жабырлануучу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды, дарыгерлер алардын абалын оор деп баалоодо», — деп билдирет Саламаттык сактоо министрлиги.

Ар кандай жаракаттарды алган төрт жабырлануучу хирургия жана нейротравма бөлүмдөрүнө жаткырылды, жабыркагандардын абалы алган жаракаттарынын оордугуна дал келет.

Бир жабырлануучу Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө жаткырылды, абалы канааттандырарлык. Он бир бейтапка алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>