УКМК: Ыманалы Саркуловдун диплому жасалма болушу ыктамыл

УКМК: Ыманалы Саркуловдун диплому жасалма болушу ыктамыл

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖККББ) жетекчилигинин, милициянын полковниги  Ыманалы Салкуловдун  жана КР Эсеп палатасынын аудиторлорунун бири “С.З.А.” жогорку билими тууралуу жасалма диплому бар экендиги боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.  Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Алынган маалыматтарга ылайык, аталган жарандар кадр бөлүмдөрүнө Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларынын биринин «юриспруденция» адистиги жана К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктагандыгы тууралуу дипломдорун беришкен.

Азыркы учурда бул фактылар боюнча текшерүүнүн материалдары мыйзамдардын чегинде тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн УКМК тарабынан каралып жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>