Нурбек Алимбеков: Ош шаарында газ эптеп эле берилип калды

Нурбек Алимбеков: Ош шаарында газ эптеп эле берилип калды

Ош шаарындагы газ боюнча кошумчалай кетсем, Ош шаарында газ эптеп эле берилип калды. Ар дайым эле Газпромго көз каранды болуп жүрө бербей, Ош шаарынын айланасында Кыргыз Нефти газ бар,  андан башка компанияларды көбөйтсөк болобу? Бул суроону Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков (Төлөйкөн округу) парламентте Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге берди.

Ал эми Энергетика министри Доскул Бекмурзаев маселени чечүүнүн жолун айтып берди.

Нурбек Кариевич, негизинен сиздин суроо өтө терең мааниге ээ. Электр энергия менен жылытуу системасына өтүшүбүз керек. Анткени, Казакстан, Түркмөнстан өңдүү жаратылыш газыбыз жок. Реалдуу көз караш менен айтканда, кеминде 3 жылдын ичинде электр энергиясынын көлөмүн жогорулатып,  генерацияны көтөрүүгө жетишсек болот. Эгерде, электр менен жылытууга уруксаат бере турган болсок, газдын да баасы түшүп калышы мүмкүн…”— деп жооп берди министр.

Кечээ, 25-январда Орто – Азия өлкөлөрүндө электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, кайрадан калыбына келген. Азыркы тапта Жогорку Кеңеш ушул маселеден кийин электр энергиясындагы көйгөйлөрдү талкуулап жатышат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>