Бишкек: Мас айдоочу тазалык кызматкерин өлтүрө сүзгөн

Бишкек: Мас айдоочу тазалык кызматкерин өлтүрө сүзгөн

Бүгүн, 18-декабрда түнкү саат 1лер  чамасында Хонда CR-V үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу «Тазалык» ишканасынын кызматкерин сүзүп кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кырсык Масалиев көчөсүндө, Малдыбава кесилишинен алыс эмес жерде болгон. Жабырлануучу Т.Ш. ошол жерде каза болгон.

Милициянын маалыматына караганда, «Хонда» үлгүсүндөгү унааны 1976-жылы туулган Х.Н. аттуу жаран башкарып бараткан. Медициналык экспертизанын жыйынтыгында кырсык учурунда айдоочу мас абалында болгон.

Бул факты электрондук журналга 312-беренеси («Автотранспорт каражаттарынын кыймылынын жана эксплуатациясынын эрежелерин бузуу») менен катталган.

Ушул айда “Тазалык” ишканасынын кызматкерин унаа сүзүп алган экинчи окуя. Буга чейинки окуя 12-декабрда болгон.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>