Өлкө башчы «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койду

Өлкө башчы «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Туристтик тармактын субъекттерин мамлекеттик колдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, туристтик инфратүзүмдү реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн инструменттерди өркүндөтүү жана Кыргызстанда туристтик потенциалын жогорулатуу максатында Башмыйзамдын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кабыл алынды.

Анда:

«Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлсүн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети:

— «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» мамлекеттик мекемесин белгиленген тартипте түзсүн;

— Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин» , — деп жазылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>