Бишкек: Мэр жол кире акысын көтөрүү керектигин айтты

Бишкек: Мэр жол кире акысын көтөрүү керектигин айтты

Бишкекте коомдук транспорттогу жол киренин акысын көтөрүу керек, бирок ал канчага көтөрүлөрү азырынча белгисиз. Бул тууралуу шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге билдирди.

Абдыкадыров Бишкекке 100 млн долларга жаңы автобустар алынып жатканын айтып, аларды карап, оңдоп туруу үчүн акча керек экенин билдирди. Болбосо автобустар 5-10 жылда бузулса, кайра бюджеттен акча табууга мүмкүн болбой турганын айтты. Мындан улам киреше тушүп туруусу үчүн жол кирени көтөрүү маселе турганын белгиледи.

«Коңшу мамлекет, шаарлардагы жакшы нерселер менен салыштырабыз, бул (баа — ред.) жагына келгенде салыштыргыбыз келбейт. Биз бааны Алматы, Ташкенттей жогору кылбайбыз. Андан ылдый болот. Ылайыктуу вариант кылып коомдук талкууга чыгарганбыз. Эми аны шаардык кеңеш карайт. Бааны карашыбыз керек, карабасак болбойт», — дейт ал.

Анын айтымында, жол киренин өлчөмүн белгилөөдө элдин ою эске алынат.

 «Бааны көтөрүүгө каршы болгондор да, макул болгондор да бар. Ошон үчүн коомдук талкуу кылып жатаыбыз. Элдин оюн сөзсүз угуш керек. Элдин ою эсепке алынат», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>