Тыныбекова: Бул дүйнө чемпионатына былтыркы жеңилген күндөн баштап даярдангам (видео)

Тыныбекова: Бул дүйнө чемпионатына былтыркы жеңилген күндөн баштап даярдангам (видео)

Быйылкы дүйнө чемпионатына былтыр дүйнө биринчилигинде жеңилген күндөн тарта даярдык көрө баштагам. Бул тууралуу кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 21-сентябрдагы финалдык беттештеги жеңишинен кийин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Балбан кыздын айтымында бул дүйнө чемпионатында Олимпиадага жолдомо ойнотулуп жаткандыктан, мелдешке күчтүү атаандаштар келген.

«Биз командабыз менен алтын алабыз деген максат менен келгенбиз. 4 жыл мурун биринчи жолу тарых жаратып, биринчи жолу дүйнө чемпионатында алтын алгам. 4 жылдан кийин дагы тарых жаратып жатабыз. Алтын байге менин эле медалым эмес. Канчалаган эмгек, элибиздин колдоосу, эмгеги менен алтын байгеге жетип жатабыз. Азыр сүйүнүчүмө чек жок», — дейт Тыныбекова.

Сөзүн улай ал былтыр дүйнө биринчилигинде жеңилген күндөн тарта быйылкы мелдешке даярдык көрө баштаганын билдирди.

«Былтыр дүйнө биринчилигинде жеңилген күндөн баштап даярдык көрүп, максат кое баштагам. Кайтадан өзүмдү бирден чогулттум десем болот. Дүйнө чемпионатында уттуруп койгондо, аябай жаман абалга түшкөм. Бирок канчалаган кыйынчылык башка түшсө дагы, эгер максатты жакшы койсоң, аягы ушундай жакшы чыгат экен», — деди ал.

Эскерте кетсек, Айсулуу Тыныбекова быйыл Сербиядагы дүйнө биринчилигин утуп, дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду. Былтыр ушул эле Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында жарым финалга чейин жетип, бирок финалга чыгуучу беттеште жеңилүү ызасын тарткан. Үчүнчү орун үчүн беттеште да атаандашына жеңилген.

Тарых жаңыланды! Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>