Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мыйзам бузуулар боюнча ишке комментарий бердиБУУ: миллиондогон оогандар азык-түлүк жардамысыз калдыСадыр Жапаров Соода-деңизде сүзүү жөнүндө кодекске кол койдуБишкекте чет элдик жаран милицияга пара берип жаткан учурда кармалдыЖарым жылда айыл чарбасы менен ишкердикти колдоого 6,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилгенКыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канчага көбөйөт — сандар
Кадырбеков: Мигранттардын балдарына онлайн мектеп уюштуруу керек
20.04.2022 | 12:41
Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны өтүп жатат. Анда эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков Билим берүү жана илим министрлигине мигранттардын балдары үчүн онлайн мектеп уюштурса болот деген сунуш киргизди.
Анын айтымында, чет жерде жүргөн кыргызстандыктардын айрымдары балдарын мектепке киргизе албай жатышат.
«Билим берүү министрлиги онлайн мектеп уюштурса болот. Азыр XXI кылым. Кыргызстандыктар баланы каттоодон өткөрүшөт, андан кийин аларга электрондук китептер жөнөтүлөт. Бул дагы тилибизди, маданиятыбызды сактап калууга жардам берет. Биз азыр мигранттардын акчасын карап жатабыз, эртең алардын балдары эне тилин, маданиятын унутат. Ушундай боло берсе, эртең өзүбүздүн инсандыгыбыздан ажырап калабыз”,-дейт Нуржигит Кадырбеков.